Анарбек Калматов президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койду.
Буга чейин Курманбек Дыйканбаев бул кызматты аркалап келген. Ал 24-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. Дыйканбаев октябрь айындагы шайлоо өнөктүгү убагында стратегиялык маанидеги ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып, бир партиянын кызыкчылыгы үчүн 7 миллион сом берүүгө мажбурлаганы айтылган.