Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп Сагынбек Абдылдаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгонун Финполдун маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин Сагынбек Абдылдаев Финполдуни жетекчисинин орун басары кызматында иштеп келген.
Сагынбек Абдылдаев 1969-жылы 26-январда туулган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басарлык кызматына 2018-жылы дайындалган.