Элмырза Үкүбаев "Кыргыз Алтын" ачык акционердик коомунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, мындай чечимди бүгүн, 13-ноябрда "Кыргыз Алтындын" директорлор кеңеши кабыл алган.
Элмырза Үкүбаев 33 жашта. 2009-жылы Искак Разаков атындагы мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Буга чейин өкмөттүн жана президенттин аппаратында бир нече кызматтарды аркалаган.
11-ноябрда өкмөт үйүнүн алдында Эмгекчил, Казарман жана Кемин айылдарынын тургундары митингге чыгып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон "Кыргыз Алтындын" мурдагы жетекчиси Алмаз Алимбековду кызматынан алынуусун талап кылышкан.