Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айзат Мамырбай кызы буга чейин SUPER.KG порталына маек берген. "Бир колумдун жоктугун сезбей көп жумуш бүтүрөм" деген ал, бир колунан кантип ажырап калганынан баштап, азыркы жашоосу тууралуу айтып берген.
Ал маектен кийин жашоосунда көп өзгөрүүлөр болгонун айтып, кыялы орундалып макияж жасоо боюнча курстан өтөрүн билдирген.
Бүгүн, 30-ноябрда Айзат дагы бир жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Тактап айтканда анын үй-бүлөсүнө курулуш компанияларынын бири үй бермей болду.
"Бүгүн бизге үй бере турган компания чакырып, тиешелүү документтерди колубузга карматты. Буюруса, ак өргөлүү болгону турабыз. Кубанычыбызда чек жок, сиздердин жалпы жамаатка жана элиме рахмат", - деди Айзат Мамырбай кызы.