"Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев УКМКнын башчысы болуп дайындалды. Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.
Ал 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
1993-1995-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл-чарба продукцияларын даярдоочу өндүрүш фирмасынын директору;
1995-жылы өнөр жай-коммерциялык фирмасынын башкы директору;
2000-2002-жылдары айыл-чарба кооперативинин башкармалыгынын төрагасы;
2002-2003-жылдары КР өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин жардамчысы;
2003-2005-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиатынын башчысынын биринчи орун басары, орун басары;
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
2007-жылы Өзгөчө кырдаалдар министри;
2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.