Замирбек Базарбеков президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат боюнча, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Базарбеков Замирбек Курамаевич президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы маалымдалат.
Замирбек Базарбеков 1957-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу, Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган. 1989-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу болуп жүргөнү маалым.