Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдиргенин "Азаттык" жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Дүйшекеев бул кызматка 17-ноябрда дайындалып, Талант Мамытов атайын буйрукка кол койгон. Бирок, президенттик аппарат аталган дайындоо боюнча маалымат тараткан эмес.
Маалыматты тастыктоо үчүн президенттин басма сөз кызматынын өкулдөрүнө байланышуу мүмкүн болгон жок.
Дастан Дүйшекеев октябрь толкундоолорунан кийин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болуп дайындалып, кийинчерээк анын кеңешчиси болгон.