Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезондо 400гө жакын милиция элдин коопсуздугун көзөмөлдөйт

Ысык-Көлдө кышкы туристтик мезгилде 400гө жакын милиция кызматкерлери коопсуздукту сактайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көлдө кезектеги кышкы туристтик сезону ачылганына байланыштуу тоо лыжа базалары жана кышкы эс алуу жайлары өз иштерин баштады. Учурда облустун аймагында жакынкы чет мамлекеттерден келген туристтердин жана жергиликтүү эс алуучулардын саны көбөйүүдө. Официалдуу маалыматтарга таянсак, облуста жыл бою туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алуучу 4 курорттук-эс алуу жайы, 2 пансионат жана 4 санаторий иш алып барууда. Ошондой эле Ак-Суу районунда 2 тоо лыжа базасы да кардарларды кабыл алат.

Туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ысык-Көл ОИИБинде атайын комплекстүү иш-чарасы иштелип чыгып, кышкы туристтик сезондо коомдук тартип толук колго алынмакчы. Ал үчүн 400гө жакын милиция кызматкерлери жана 100дөн ашык эркин элдик кошуундардын мүчөлөрү тартылды. Чет мамлекеттик туристтер менен негизги жумушту болсо облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик милициянын 22 кызматкери алып бармакчы.

Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, аталган кызмат өзүн мурдагы туристтик сезондордо жакшы жагынан көрсөтө алышты. Чет мамлекеттик туристтерге өздүк коопсуздугунан баштап аймакта багыт көрсөтүүгө чейин бардык жардам көрсөтүлмөкчү. «Каприз» жана «Каракол» тоо лыжа базаларында милициянын убактылуу таяныч пункттары иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2020-12-04 12:27:38
Булар коопсуздугун камсыздабай эле тонойт аларды...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан