Бишкекте жардыруучу затты алып жүргөн жаран кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери жардыруучу затты алып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-декабрь күнү Бишкек ШИИББинин “102” кызматына “Асанбай” паркында белгисиз жаран жардыруучу зат ыргытып жиберди деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, айтылган даректе жарылуучу заттардын жарылгандыгын көрүшкөн. Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жаранды качып бара жаткан жеринен кармашып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-12-04 18:49:00
Бул эшек кимди жардырганы жаткан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан