Бекболотов Адылкан Керимкулович 1962-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Ал Түп орто мектебинде окуган. Адылкан Бекболотов СССРдин спорт чебери, бокс боюнча СССРдин курама командасынын мүчөсү. Курама команданын мүчөсү болуу менен эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Бала кезинен тартып, Түп районунун Күрмөнтү айылындагы коомдук активисттер жетектеген футбол жана бокс боюнча бирдей ийгиликтерге жетишкен. 1976-жылы 36 килограмм салмакта бокс боюнча Түп районунун чемпиону болгон.
Бир жылдан кийин ал Пржевальск шаарында өткөн жаштар арасындагы облустук турнирде жеңүүчү аталган. Андан кийин мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасынын жеңүүчүсү болгон. Ушул турнирден Адылкан Бекболотов Кыргыз ССРинин курама командасынын башкы машыктыруучусу Клим Васильевич Тёнун назарына түшкөн.
1977-жылы Н.К.Крупская атындагы спорт мектеп-интернатына кирген жана машыгуу үчүн "Спартак" стадионундагы бокс залына барган. Бир нече айдан кийин ал жаштар арасындагы республикалык чемпионатка катышып, чемпион болгон.
1978-жылы Ташкентте өткөн бүткүл Союздук мектеп окуучуларынын арасында өткөн спартакиада боюнча экинчи орунду ээлеген. Андан кийин СССРдин жаштар курамасына чакыруу алып, 1982-жылы Минск шаарында өткөн бүткүл союздук жаштар оюндарында үчүнчү орунду багындыргын. Армияда кызмат өтөп жатып, армиялык мелдештерге катышып, эки жолу Хабаровск менен Ивановодо өткөн СССРдин Кубогунда коло байгенин ээси болгон.
Адылкан Бекболотов "Динамо" чемпиондугунун төрт жолку жеңүүчүсү, эки жолу СССРдин Кубогунун коло медалынын ээси, өлкө чемпиндугунун бир нече жолку ээси. Чехословакия, Сирия, Алжирде өткөн эл аралык турнирлерге ийгиликтүү катышып, 1988-жылы Канада Кубогун жеңип алган.
Адылкан Бекболотов карьерасында атактуу мушкерлер Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен беттешкен. Ал карьерасында жалпы 350 беттеш өткөрүп, анын 320сында жеңүүчү аталган. Адылкан Бекболотов эки колу менен тең кубаттуу сокку жасай алгандыгы менен белгилүү болчу.
Ал 2009-2017-жылдары бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон. СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. "Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер" жана "Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамдарына ээ. 2014-жылдан бери Боксту өнүктүрүү фондунун директору болуп иштеп келген.
Адылкан Бекболотов кечээ, 6-декабрда Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү эртең, 8-декабрда өзү туулуп өскөн Түп районундагы Күрмөнтү айылында жерге берилет.