Поэтерапия: "Өзүңдү сүйүп өтүү үчүн мага, Өмүрдө билбейм канча сентябрь бар?.."

"Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги коногу - акын Умар Нусубалиев.
Умар Нусубалиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каба айылында 1990-жылы 7-мартта жарык дүйнөгө келген. 2016-жылы "Улуу тилегим" аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн. Эл аралык "Нурборбор" чыгармачыл жаштар академиясынын "Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөсү. Республикалык бир нече сынактардын жана Эл аралык Түрксой уюму уюштурган "Беш акын" теледолбоорунун жеңүүчүсү.

КӨК КӨЙНӨГҮМ

Көп кийген көк көйнөгүм,
Көйгөйүм көп көргөнүм.
Көрсөтпөй турасың сен,
Көкүрөк өрттөнгөнүн.

Жаңылган миң кадамым,
Жан дүйнөм кыйраганын.
Жашырып турасың сен,
Жүрөгүм ыйлаганын.

Эски күн жаракасын,
Эстетип каратасың.
Эх, менин көк көйнөгүм,
Эскирип баратасың.

Бишкекте түнү жарык,
Бир букет гүлүм алып.
Сүйгөнүм менен жүргөм,
Сүйүнүп кийип алып.

Күмүш күн артта калды,
Карайлап таппай калдым.
Бир сааттык окуядай,
Бир көргөн тасмадагы.

Канча сый көргөз бирок,
Кадырың билбестер көп.
Көйнөгүн кирдеткендей,
Көңүлдү кирдеткен көп.

Көк көйнөк жашадың тең,
Көп күндүн катарын сен.
Өзүңдөй жуулгум келет,
Өмүргө тазарып мен...

Көк көйнөк жөнүндөгү ырымдын жазылган таржымалы мындайча, бир көк көйнөгүм бар эле, ошол көйнөктү 4 жыл кийиптирмин. Поэзия кечелерине барган сүрөттө деле ошол көйнөкчөн жүрөм, кээде телеге барган сүрөттөрүмдө деле ошол көйнөкчөн, жөн эле сүрөткө түшсөм деле ошол көйнөгүм менен, айтор, ойлосом каякка барбайын ошол көйнөктү кийип жүрүптүрмүн. Ошол кезде арзып, ашыктыкка мас болуп, сүйлөшүп жүргөн сүйгөн кызым менен катуу таарынышып кетип, жан дүйнөм жараланып турган кезим болчу. Карасам көк көйнөгүм илинип туруптур, ошол кызга жолукканда далай ирет кийип баргам, дагы көп жерлерде кийип жүргөнүм эсиме түшүп, элестетип, көзүмө жаш айланып, буулугуп отуруп ушул ырым жазылган.
АКЧАГА

Акчалар, эй акчалар,
Аз жашоодо ушул кыска.
Жутунуп да, тытынып да,
Жетпей жүргөн сандаган көр пенделер.
Евро, доллар жайнаган сом, теңгелер,
Тутам-тутам, таңгак-таңгак пачкалар.
Жашыл-кызыл миллион-миллиард акчалар,
Ачкөздүктүн алды сенден.
Жамандыктын жарымы сенден,
Тирүүлүктүн чыры сенден.
Түйшүктөрдүн түбү сенден башталар!

Акчалар эй акчалар,
Ким бирөөнүн эсирип көбүшүнө.
Ким бирөөнүн басынып чөгүшүнө,
Жыргалга да, кууралга да себепсиң!
Арылдаган арстанды,
Мыйолотуп мышык кылып.
Ырылдаган карышкырды,
Кыңшылатып күчүк кылып.
Генийлерди келесоого теңеттиң.
Президент, бомж депутат башкасын да,
Эмчи-домчу көзү ачык бакшысында.
Тыйын үчүн тентиретип турмуштан,
Кыңк эттирбей кызматыңды кылдырткан.
Бийлигиңдей бийлик көргөн эмесмин!
Тана албаймын, эч убакта эч качан,
Качан-кайда болсо да сен керексиң!
А бирок бил чындыкты мына бул,
Айтам ак сөз, адам уулу катары,
Акчалар, эй акчалар,
Абадай керек болсоң да.
Адамдан өйдө эмессиң!
"Акчага" аттуу ырымды жашоодон ар кандай адамдарды көргөндө адамдын акчасына карап мамиле кылгандарды көрүп, акча, адамдар тууралуу ойлонуп, ойго баткан учурларымда жазгам.

МЕҢ, КАЛЫҢ МЕНИН ТАГЫМ

Жалжылдап болом деген менин жарым,
Жайнаган кыз элең сен жаркырагым.
Жарашкан ак жүзүңө бир башкача,
Бар эле татынакай меңиң, калың.

Сиздики ушул калым, ушул мең деп,
Сиз жалгыз ээси десең жан элжиреп.
Мен сага меңдей сиңип кетким келчү,
Меники...меники деп, меңиңден өөп.

Сездирген сүйүү даамын, сезим даамын,
Сенин ал жакшынакай меңиң, калың.
Сенден эч ажырагыс болуп калган,
Сезилчү менин демим, менин жаным.

Тагдырдан мен жаңылган жолдо бастым,
Талкалап алдым сүйүүм, болгон бактым.
Тигилип телефондон сүрөтүңө,
Телмирип далай түндөр ойго баттым.

Жанында жакшы адамдын сен жанашып,
Жоолукка жоодур көзүң эң жарашып.
Жадырап турасың сен жарың менен,
Жүзүңө кал жарашып, мең жарашып.

Аппак кыш, жашыл жазда, сары күздө,
Айыкпай арман сезим жан дүйнөмдө.
Жүзүңдүн тагы болгон меңиң, калың,
Жүрөктүн тагы болуп калды менде.

Кар-жамгыр канча жааган күн-түндөрдө,
Канча ирет жалбырактар күбүлгөндө.
Калбай эч, кайда жүрсөң ажырабай,
Калыңдай калды менин сүйүүм сенде.

Калбай эч кайда жүрсөң, кайда болсоң,
Калыңдай жүрөт менин сүйүүм сенде...


Жашоомдо кино десе кинодогудай, жомок десе жомоктогудай сүйүүгө кезиктим. Бирок жетпей калдым. Ошол жетпей калган сүйгөнүмдүн жүзүндө үч меңи бар эле, тамашалап менин менчик меңдерим деп койчумун. Ал дагы тамашалап бул меңдердин түбөлүк ээси сизсиз дечү. Тагдыр экен, ал тилектерге жетпей калдык. Жолубуз бир болбой калды. Кийин ал турмушка чыгып кетти. Кокустан жолдошу менен түшкөн сүрөтүн көрүп калдым. Ошондо көкүрөгүмдөгү ызанын, сагынычтын, сезимдердин баары ыр болуп чыкты. Бул ырым ушундайча жаралган эле.
СЕЗИМДЕГИ СЕНТЯБРЬ

Сентябрь...сенин келер күнүң эле,
Сентябрь...күтүү, үмүт, сүйүүм эле.
Сен келчү, сени көрчү сентябрды,
Сезимим толкуп канча күттүм эле.

Көңүлдү толкундантып сен келериң,
Көп күтүп сентябрды дегдегенмин.
Сен келдиң, сентябрь да келди күткөн,
Сен бирок мени менен кездешпедиң.

Өзгөчө муздак жааган суз жамгырлар,
Өтүштү сентябрдан соңку сааттар.
Өзүңдү сүйүп өтүү үчүн мага,
Өмүрдө билбейм канча сентябрь бар?..

Сени көп күтүп балким мен жаңылдым,
Сүйгөндүн сезген жоксуң сен кадырын.
Сезимде калып калды бир өмүргө,
Сенсиз бул өткөн менин сентябрым.

Сезимде калды сенсиз сентябрым...

"Сезимдеги сентябрь" аттуу ырым 2019-жылдын сентябрында жазылган. Ырдын жаралуу тарыхы ырдын ичиндеги саптарда айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aituwas
2020-12-08 02:07:16
Хадира эжени катуу суйгон экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан