Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаш балдардын массалык уулануусу катталды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-декабрда саат 23:00 чамасында Бишкектеги 3-балдар ооруканасына тамакка ууланган 23 бала (8 жаштан 20 жашка чейинкилер) келип түшкөн. Алардын баарына керектүү жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда балдардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
Аламүдүн районунун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн эпидемиологиялык топ түздү. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат бериле тургандыгын министрликтен кабарлады.