Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Баш мыйзам өзгөргөнү менен элдин жашоосу өзгөрбөй турганын айтты.
"Референдум боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери мыйзам чегинде иш алып бара жатабыз деп жатышат. Бул мыйзамдын автору ким экенин жакшы билебиз да. Бирөөнүн таштап кеткен аялын боёнтуп, бул менин аялым десек эч ким ишенбейт да. Бул мыйзамга корутундуну эми берип жатат. Басым менен кабыл алынган мыйзам моюнунан байланган итке окшош да. "Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып кабырга салып жатабыз. "Банкрот" болгон баркыбызды балталап чаап жатабыз". Элди айтып жатасыңар элге парламенттик же президенттик башкаруунун кереги жок. Баш мыйзам өзгөргөнү менен элдин жашоосу өзгөрбөйт. Байлардын эле жашоосу алмашат. Байкуштардын жашоосу алмашпайт. Эл Баш мыйзам алмашкандан 2 сом да пайда көрбөйт. Элита көрөт. Бул элдин талабы эмес", - деди Момбеков.