Бүгүн, 9-декабрь, күнгө шаршемби. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.
Референдум...
Күндүн негизги темасы Жогорку Кеңеште Референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алынышы болду. Тактап айтканда, Мирлан Бакировдун саноосу боюнча 63 депутат катышкан жыйында 57 депутат аталган мыйзам долбоорун колдосо, 6 эл өкүлү каршы чыкты.
Мамлекеттик башкаруу формасын тандап алууну элдик добушка коюу демилгеси ар кандай кызуу талкууларга, талаш-тартыштарга жол ачты. Демилгеге каршы чыккандардын сап башында Өмүрбек Текебаев турат десек жаңылыштык болбойт. Парламентарий референдум өткөрүү боюнча мыйзамдын кабыл алынуусунун өзү мыйзамсыз деп атады.
"Биз референдумду дайындоо боюнча мыйзамды кабыл алдык, бирок бул мыйзам өткөн жок. Мен санап турдум. Процедураларды бузуу менен болду. Кийин бул мыйзамды референдумдун жыйынтыгы мыйзамсыз деп аткарбай койгонго толук негиз бар", - деди Текебаев.
Ал эми "Чыныбай Акунович" атка конгон депутат Рыскелди Момбеков Баш мыйзам өзгөргөнү менен элдин жашоосу эмес, элитанын гана жашоосу өзгөрөт деген пикирде.
"Референдум боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилери мыйзам чегинде иш алып бара жатабыз деп жатышат. Бул мыйзамдын автору ким экенин жакшы билебиз да. Бирөөнүн таштап кеткен аялын боёнтуп, бул менин аялым десек эч ким ишенбейт. Бул мыйзамга корутундуну эми берип жатат. Басым менен кабыл алынган мыйзам моюнунан байланган итке окшош да. "Какшып калган кадырыбызды кайтыш кылып кабырга салып жатабыз. "Банкрот" болгон баркыбызды балталап чаап жатабыз", - дейт Момбеков.
Депутат Умбеталы Кыдыралиевге Текебаевдин айткандары жаккан жок. Ал Текебаевди канчалык сыйлаган сайын бизди оюна албайт деген таарынычын айтты.
"Өмүрбек Текебаевди сыйлайбыз, ал эң мыкты депутаттардын бири. Бирок Өмүрбек Чиркешович биз сыйлаган сайын бизди оюна албайт. Ушундай кемчилигин байкап калдым. Өзүнүн эле оюн айта берет. Азыр Конституциянын жаңы долбоорун иштеп жатабыз. Биз дайыма келгиле деп айтабыз", - деди Умбеталиев.
Ал эми Акылбек Жапаров референдумду өткөрүүдөгү максат президенттик же парламенттик өлкө болорубузду эл тандап алсын деген көксөө экендигин айтат.
"Биз биринчи окууда концепциясын карайбыз. Биз Конституцияны өзгөртөлү деген мыйзам киргизген жокпуз. Референдум боюнча мыйзамга тактап, президенттик же парламенттик башкаруу системин эл тандап алсын деп жатабыз. Тажрыйбалуу депутаттардын сунуштарын карайбыз. Өкмөттүн корутундусу бар. Экинчи окууда алып келебиз", - деди ал.

БШК Текебаевдин мандатын сактап калууга кызыкдар
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, БШК Текебаевдин мандаты боюнча соттун чечиминин үстүнөн кийинки инстанцияга даттанат. Учурда мунун үстүнөн юристтер иштеп жатышат.
Мындан 4 жыл мурда "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган Өмүрбек Текебаев 5-октябрдагы толкундоолордон кийин кайрадан депутаттык мандатын кайтарып алган. Анын кайрадан эл өкүлү болгонун акын Темирлан Ормуков мыйзамсыз деп атап, мандатынан ажыратууну талап кылып сотко кайрылган. 23-ноябрда Бишкектин административдик соту чечимди акындын пайдасына чыгарганы белгилүү болгон.

Экономикалык мунапыс үчүн ачылган эсепке түшкөн 912 миллион сомдун 877 миллиону Матраимовдуку
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата экономикалык мунапыс үчүн ачылган эсепке жалпысынан 912 миллион 100 сом
түштү. Анын ичинен
Райымбек Матраимов тарабынан төлөнгөнү 877 миллион 300 миң сомду түзсө, 34 миллион 700 миң 100 сомду башкалар которгон. Матраимовдун декабрь айынан бери төлөгөн акчасы 160 миллион сомду түзөт.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекеттик бюджетке 2 миллиард сомго жакын зыян келтирди деген жүйө менен суракка алынган. Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташа тургандыгын айтып, жогоруда белгиленген сумманы толугу менен атайын түзүлгөн графиктин негизинде төлөп берүүгө даяр экендигин
билдирген.
5 адам элби?
Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат
Бакыт Төрөбаев Орусиядагы кыргыздардын парламентти "легитимсиз" деп атап митингге чыкканын
сынга алды.
"Парламент легитимдүү. Өмүрбек Текебаев жазган Конституцияда так жазылып турат жаңы парламент келгенче биздин ыйгарым укуктар күчүндө. Орусияда 5 адам чыгып алып, парламентти легитимсиз деп жатат. 5 адам ал элби? Бул жерде 6 миллион элибиз бар", - деди ал.

Алмазбек Атамбаев абактан кайра СИЗОго которулабы?
Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевди 47-түзөтүү абагынан УКМКнын СИЗОсуна которуу пландалып жатканын айтты. Жоошев мындай кадам мыйзамсыз деген пикирде.
"7-декабрь күнү Биринчи Май райондук сотуна Батукаевдин иши келип түшүптүр. Сот өзү өндүрүштүк ишти кабыл алып, кийин ошол иш боюнча Алмазбек Атамбаевге карата УКМКнын СИЗОсунда кармоо боюнча чечим кабыл алыптыр. Бул мыйзамсыз деп эсептейбиз. Себеби сот нейтралдуу субъект. Ал ортодо турган, калыс болуп бере турган соттук өндүрүштүн катышуучусу. Сот өз эрки менен баш коргоо чарасын тандабайт. Ага жактоочу же прокурорлор соттук отурумда кайрылышы керек", - дейт жактоочу.
Мурдагы мамлекет башчы "Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы бар" деген Кой-Таштагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу, Бишкек ЖЭБин жаңылоо жана Кой-Таш окуясы боюнча иштер бир өндүрүшкө бириктирилип, аны сот Медеров карап жатканы белгилүү. Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча иш өзүнчө бир өндүрүштө каралып жатат.
