АКШнын элчиси Дональд Лу мамлекетибиздин ички иштерине аралашпоосу керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.
"АКШ менен 1990-жылдан бери дипломатиялык мамиледе жашап келе жатабыз. Акыркы мезгилде "тажрыйбалуу" деп эсептелген 28 жылдык элчилик тажрыйбасы бар элчи Дональд Лу мамлекетибиздин ички иштерине аралашып, сот жана тергөө иштерине таасир эте тургандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги үстүрттөн өзүнүн жообун берди. Ал кишинин пикири бир мамлекеттин пикири катары бааланат.
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын да атын атап, "кайдан жайдан пайда болду" деп жатат. "Мекеним Кыргызстан" партиясы 2015-жылы каттоодон өтүп, бир топ шаардык кеңештин шайлоолоруна катышып, ийлигик жаратып келген. Ошондуктан мындан ары дипломатиялык келишимдерди сактоосуна сунуш берет элем", - деди ал.