Эртең, 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC Apex" аттуу спорттук аренасында UFC 256 турнири өтөт. Турнир Бишкек убактысы боюнча 06:30да башталат.
Ал эми бул турнирге катыша турган кыргыз мушкери Рафаэль Физиевдин бразилиялык атаандашы Ренато Мойкано менен боло турган беттеши болжол менен Бишкек убактысы боюнча 08:00дө (беттештердин бүткөнүнө жараша) башталат.
Рафаэль Физиевдин атаандашы Ренато Мойкано карьерасында жалпы 18 беттеш өткөрсө, анын 14үндө жеңүүчү аталган (экөө нокаут менен). 3 жолу жеңилүү ызасын тартса, 1 ирет тең чыккан.
Рафаэль Физиев акыркы беттешин Абу-Даби шаарында өткөн турнирде британдык Марк Диакисеге каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Эки мушкердин беттеши турнирдин "мыктысы" аталып, экөө тең 50 миң доллар кошумча акы алышкан.
Рафаэль Физиевдин беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окусаңыздар болот.