17-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын жаңы долбоору сунушталып, ал коомдук талкууга коюлган. Ал эми 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер киргени маалымдалган.
SUPER.KG порталына өлкөнүн жөнөкөй жаранымын деп өзүн тааныштырган Абдикарим Мамадиев кайрылды. Ал мындан 10 жыл мурун дүйнөдө жок Конституциянын долбоорун жазып баштаганын айтат.
"Мен жазган Конституциянын долбоору уникалдуу. Ошондуктан ага патент дагы алып койгом. Өлкөдө азыр кырдаал жеңил эмес. Баш мыйзам боюнча көп талкуу жүрүп, сын-пикирлер айтылып жатат. Ошого байланыштуу өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган жаран катары Конституциялык кеңешменин жыйынына дагы бардым. Долбоорумду сунуштадым. Бирок алар көңүл деле бурушкан жок. Учурдагы "Дүйнөнүн келечектеги конституциясы" деп аталган Конституциянын долбоору мындан 10 жыл мурда 2010-жылкы төңкөрүштөн кийин жазылып баштаган. Анда Өмүрбек Текебаев сунуштаган долбоор талкууланып жаткан. Мен ошол кезде дагы долбоорум бар экенин айтып, пикиримди билдиргем. Бирок карапайым элдин үнү жетиши кыйын экен. Конституциянын долбоорун жазганымдын бирден-бир себептеринин бири балдарымдын Кыргыз өлкөсүндөгү келечеги жаркын болсо экен деген ниетим. Азыр көп эле үй-бүлө толук эмес, жаштардын басымдуу бөлүгү чет жактарда иштөөгө мажбур. Бул долбоордо президенттин, депутаттардын, өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдарда иштеген жетекчилик кызматтагы адамдардын милдеттери жана укуктары так, даана жазылган" , - дейт Мамадиев.
Абдикарим Мамадиев жазган Конституциянын долбоорунда Жогорку Кеңештин депуттарынын милдеттери төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн:
Жогорку Кеңеш - бул мыйзам чыгаруучу жана аны бекитүүчү орган. Депутаттар кабыл алынган мыйзамдардын так иштешине жооптуу;
Депутаттар мыйзам долбоорлорду 1 айлык мөөнөттө талдайт, тандайт. 2 айлык мөөнөттө эң жакшы деген мыйзамга добуш берет; Мыйзамдар ар бир депутаттын факт жүзүндөгү катышуусунда кабыл алынсын; Депутаттардын тигил же бул мыйзамга каршы, калыс же макул экендиги кол тамга коюнун негизинде гана жүргүзүлсүн (кнопка басып добуш берүү жарабайт);
Мыйзам долбоору депутаттардын 75 пайыз кол коюусу менен гана иштеп башташы керек. Кабыл алынган мыйзам иш жүзүндө натыйжа бербесе мыйзам долбоорун алып чыккан депутаттарга айып салынат;
Ал эми кабыл алынган мыйзам тескерисинче жакшы иштеп кетсе, ага каршы деп кол койгон депутаттар айып салуу менен жазаланат;
Депутаттардын өз бюджети болушу керек. Алардын айлык маянасы өлкөнүн орточо айлык маянасына туура келиши керек;
Жыл аягында ар бир депутаттын иштеген саатына, кабыл алган мыйзамдарына карап бюджеттен ашкан акчалар киреше катары төлөнүп берилиши керек;
Депутаттардын иштөө убактысы жылына 1 миң 600 сааттан аз болбошу керек;
Эгерде кайсы бир депутаттын иштегени жыл ичинде 1 миң 600 саатка жетпей калса, ал мандатын партиялашына өткөрүп берүүсү зарыл;
(текст кыскартылып берилди).