Биз социалдык тармакта

Тайырбек Сарпашев: "Бир туугандарым аянты 1000 чарчы метр имаратты мамлекетке өткөрүп берет"

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев бүгүн, 15-декабрда кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына сурак берүүгө келди. Сарпашев суракка кирүүдөн мурда журналисттердин суроолоруна жооп берип, бир туугандары аянты 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты мамлекеттин балансына өткөрүп берерин билдирди.

Анын айтымында, имаратты мектеп ордуна же бала бакча ордуна колдонсо болот.

"Айылдаштарымдан менин бир туугандарыма карата даттануулар көп түшүп жатат. Тилекке каршы, көпчүлүк мунун артында мен тургандай кабыл алып жатышат. Ошондон улам 530 гектар жерди туугандарым буга чейин мамлекетке өткөрүп беришкен. Алдыда Токтогул районунда жайгашкан аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түзгөн имаратты Торкен айылынын карамагына өткөрүп беришет. Имарат көптөн бери колдонулбай турган. Оңдоп-түзөп окуу борбору катары колдонсо болот", - деди Сарпашев.

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге ноябрь айынын аягында кылмыш иши козголгон. Ал тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирип, буга чейин 530 гектар жерди мамлекетке өткөрүп берген.

Бишкекте кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлери митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Belek1710
2020-12-15 11:55:35
Болот экен го
+10
asefsa
2020-12-15 12:02:02
Толук айылынын жарымын эле ээлеп алган окшойтго бул эргул
+14
Ma9
2020-12-15 12:19:32
Кино болуп атабы кантип эле берип койсун туз эфир кылып баарын онлайн корсотуп докменттештирип алыш керек болбосо буларга ишениш жок байыган адам сынык чынысын дагы бергиси келбей калат
+9
aibekkk
2020-12-15 13:12:22
Ma9,30 жылдан бери кино да корбодукго эми шугур кылалы кылбаса кылбады десек кылса кино десек бизге эмне жагат деги
+4
bekov01
2020-12-15 13:38:17
2 миллион еле сомдук мулк бул. Айылда арзан еле болот. Дагы куссун миллиардтап
+4
Makain
2020-12-15 13:44:10
Бүт алып алганго мурун эле берсең эмне болот эле
+2
al-abu-kinesz
2020-12-15 15:48:32
Мына иштейм дегендер ушинтип эле иштеп результат корсотуп коет! Чын эле болуп атат окуялар, тушубуз эмес, фокус да эмес, кино да эмес!
+1
Jaka78
2020-12-15 19:44:13
Бети бетон болуп бутуптур да,уят, Кудайдан корккула
+1
Bishkek312.
2020-12-16 12:03:38
Ушунча жерди бийлигине таянып канча жылдан бери басып алып иштетип байып келген жөн эле албай штраф канча прибыль көргөн ошого жараша төлөтүш керек!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан