Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын бири Чүй облусунда, экинчиси Жалал-Абад облусунда катталганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында айтты.
Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча жалпы 4 миң 41 медицина кызматкери илдеттен жабыркаса, алардын ичинен 3 миң 781и сакайды.