Биз социалдык тармакта

ID-картага жарандын улутун көрсөтүү тууралуу графа киргизилди

Кыргыз Республикасынын жарандарынын идентификациялык картасына, тагыраагы, ID-картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүн, 15-декабрда кабарлашты.

Бул чечим Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

"Конституциялык палата паспортко «этностук таандык» графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген чечим Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген.

Өкмөттүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
assanov97
2020-12-15 12:41:46
Ошондо жаны паспорт алабызбы
+6
assanov97
2020-12-15 12:41:56
Жакшыкен
+8
Kuban-1207
2020-12-15 14:47:02
Кайра жаңы паспорт алабызбы мен алганыма 2 ай болду
+2
bekalife
2020-12-15 15:07:29
Жаны паспорт алгандар ошол бойдон кала берет. А эгер алмаштырууну каалагандар алмаштырып алса болот
+3
Alixan-Nookat.2015
2020-12-15 16:25:09
Өз эрки менен эмес милдеттүү түрдө улутун көрсөтсө жакшы болмок, андай болсо кээ бир улуттар улутун жазбай дагы деле Кыргызстанды жаман көрсөтө берет.
+6
Baiaman997
2020-12-15 22:09:29
Alixan-Nookat.2015,бир гана Кыргыз улутундагылар оз каалосу менен жаздырат, калгандар улуттар милдеттуу турдо
+1
cubich
2020-12-16 17:09:20
Alixan-Nookat.2015,ТУУРА айтасын тууган. Мен сенин созунду колдойм.
+2
Daniel8885
2020-12-15 17:15:13
Эмне улуту жазылса эмне болот...кыргыз республикасы турат болотда ...дагы бир бизнеста ....биздин мамлекет ушундай бир эки жылда эле кааласа озгортуп алышат
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан