Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун айылдарынын биринде 13 жашар өспүрүм кызды үч эркек жарым жылга жакын зордуктап, бирөөсү аны видеого тартып "классташтарыңа көрсөтөбүз" деп коркутуп жүрүшкөн. Кыз зордуктагандардын бирөөсүнөн боюнда болуп калып, боюнан алдырууга туура келген.
Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков 2-декабрь жана 11-декабрдагы өкүмдөрү менен күнөөлүүлөрдү кылмыштын курамы жок деп актап, айыпталып жаткандар сот залынан бошотулушкан. Ал эми 41 жаштагы үчүнчү соттолуучу 7 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.
Буга байланыштуу кыздын атасынын бир тууган иниси Талант Байсеитов соттун чечимине нааразы болуп, акыйкат издеп Бишкекке келген.
"Бишкекке келгенимдин себеби, 2-декабрь жана 11-декабрь күнү Тоң райондук соту Соодонбеков туура эмес өкүм чыгарып, ошол жерден соттолуучуну сот залынан чыгарып жиберди. Ушул боюнча жогору жактагыларга балдарды коргоо уюмдарына кайрылайын деп акыйкат издеп келдим, кирген жактардын баары жакшы кабыл алышып, жардам беребиз деп жатышат. Бүгүнкү күндө Тоң районунун активисттери соттун алдына митинг өткөрөбүз деп жатышат. Бирок качан болорун мен айта албайм.
2-декабрь күнү экинчи соттолуучу Казыша уулу Жолдошбектин соту болмок, биз барганда сот ошо таза кирген жок да. Туура мен аны азыр эч кандай далилдей албайм. Анын ичип алганын мен өз көзүм менен көрдүм. Ошол жерден сүйлөй алган жок, алдындагы даяр кагазды окуй алган жок, анын баарын залда отургандар байкап отурдук. Анан карасам ошол жерде уктап жатат да, анан видеого тартып алдым", - деп билдирди жабырлануучу кыздын агасы.
Ал эми анын айтымында, сот эки күнөөлүүнү болгону экинчи гана отурумда актап жиберген.