Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыздын зордукталышы. Облустук сот айыпталуучуларды 20 жана 15 жылга эркинен ажыратты

Коомчулукта кызуу талкууга алынган Ысык-Көлдөгү 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча облустук сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун жактоочусу Айнура Асанова билдирди.

Буга чейин Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков күнөөлүүлөрдү кылмыштын курамы жок деп актап, айыпталып жаткандар сот залынан бошотулушкан. Ал эми үчүнчү соттолуучу 7 жыл 5 айга эркиндигинен ажыратылганы коомчулукта нааразычылык жараткан.

29-мартта Ысык-Көл облустук соту буга чейин 7 жарым жылга эркинен ажыраткан соттолуучуну 20 жылга эркинен ажыратты. Ал эми райондук сотто акталган эки шектүүгө 15 жылдан берилди. Алар сот залынан камакка алынган.

Эске салсак, 2020-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун айылдарынын биринде 13 жашар кызды үч эркек жарым жылга жакын зордуктап, бирөөсү аны видеого тартып "классташтарыңа көрсөтөбүз" деп коркутуп жүрүшкөнү маалымдалган.
Кийин SUPER.KG аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн кыздын айылына барып, тараптардын пикирин угуп келген.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zam81
2021-03-30 14:04:35
Эми оздорун зордуктасын 20 жыл
+8
Belek1710
2021-03-30 14:10:44
Эң туура чечим.
+6
nazira...
2021-03-30 19:53:48
Соттор да акылына кире баштаганбы дейм да.
+1
NURSAPAR
2021-03-30 20:42:11
Сотту дагы соттогула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан