Кыргыз эли эзелтен эл башкарган, журт башкаргандардын тегин сүрүштүрүп, санжырасына кызыгат эмеспи. Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун таржымалы да көпчүлүктү кызыктырып жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Садыр инимдин жетинчи атасы Бирназар бий боюнча алгачкы тарыхый эскерүү орустардын 1890-жылы чыккан «Семипалатинские областные ведмости» журналында жазылган экен. Анда орус этнографы Аристов тээ 1785-жылдарда орустун дагы бир саякатчысы капитан Андреевдин бугунун манаптары менен жолуккандыгы жөнүндө: «…(мы встретились) бугунский волось со старшиной Бирназар-бием. …Этот Бирназар бий должен быть тот самый, который, по преданиям, слышанным г.фон Греном (1877) привел богунцев (бугу) на Иссык-Куль из Ферганы после падение цунгаров (жунгар)» – деген. Бул жерде капитан Андреев, Бирназар бийди салыштырмалуу гана «волостун старшинасы» деп жазып койгон. Чындыгында ал кезде, көл бугулары орустардын карамагына кошула элек болгондуктан эч кандай болуштук жок, жөн эле журт башчылары болгон.
Бирназар бий көп балалуу, жалпы кыргызга кадыр-барктуу инсан болгон. Бирназар өз балдарынан тышкары, дагы көп асыранды уулдары болгон. Алардын бири айтылуу чечен, айлакер элчи Тилекматтын атасы Жылкыайдар болгон. Бирназар бий Жылкыайдарды өз балдарынан кем көрбөй, жакшы тарбия берип өстүргөн. Ага далил катары мен Алматынын архивинен тапкан архивдик кагаздарда, орус бийлиги тарабынан сыйлануучу, кыргыз-казак манаптарынын тизмесинде жалгыз кыргыздардан Тилекмат болгон. Ал маалыматта; «Дикокаменный орды, рода Билек (Белек), манапа Тиль Аяхмету (Тилекмат) Бирназарову», – деп жазылган.
Садыр санжырасын андан ары улантсак: Бирназардан – Солтонкул, андан Көчкүн, Көчкүндөн – Жапар. Көчкүн ата 1930-жылдары Совет бийлиги тарабынан байдын тукуму катары сүргүнгө айдалып кетип, 1932-жылы Казакстанда атылып кеткен. Садыр инимдер атын алып жүргөн Жапар ата 1917-жылы 33 жашында оорудан каза болот. Жапардын уулу Мусталый 17 жашында атадан жетим калып, чоң атасы Көчкүн кулакка тартылып кеткенден кийин үй-бүлөсүн алып жашыруун Кытайдагы туугандарына качып барып, ал жерде дээрлик отуз жыл бою 1932-1963-жылга чейин жашашкан. Кайра Кыргыз жерине кайтып келишкен. Мусталый ата 1988-жылы 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан экен. Анын уулу Нуркожо аксакал 1933-жылы Кытайда туулуп 29 жашында Кыргыз жерине келген. Нуркожо ажы байбичеси Кадижан экөө он бир баланы тарбиялап өстүргөн. Нуркожо ажы арабча, кыргызча окуй да, жаза да билген билимдүү инсан эле. Санжыра жаатында эки-үч китептин автору болгон. 2010-жылы чыккан “Кыргыз сыры санжыра” аттуу автобиографиялык эмгеги - көптөрдүн чоң кызыгуусун жараткан сонун документалдуу чыгарма болгон. Жогорудагы санжыра дагы ошол китептен алынган.
Чынында, Нуркожо аба дагы турмуштун далай бороон-чапкынын жеңген. Жыйырма тогуз жашында Кытайдан Мусталый атасы болуп, Кыргызстанга көчүп келишкен. 2006-жылы жол кырсыгынын уулу Эркинбек, келини Индира экөө каза таап, аза кайгысына туш болду. Баланын өлүмү ата-энеге кандай оор экендигин башыбыздан өткөргөн ар-бирибиз жакшы билебиз да. Кийин дагы Садыр иним чет өлкөдө жүргөндө барып калганымда, мурункусунан жазбай тың эле. Кийинчерээк Садыр иним бейкүнөө камалгандан кийин барсам, баягы шайдоот абам жок, кадимкидей арыктап көзүнүн оту тумандап, карый түшүптүр. Орозо маалы эле. Бир топко сүйлөшүп отурдук, ошондо кайран абам: “ээ Мурат иним, Садырга “балам, буларга теңелбей эле койчу, өзүңдү мерт кылып коюшпасын”, – десем, ал “ата, буларда бет жок экен, каратып туруп өз элин тоноп жатышпайбы, ошону көрүп туруп кантип унчукпай жата алам, сиз коркпоңуз, мен баары бир күрөшкөнүм күрөшкөн, көрөсүз, акыры жеңиш биздики, элдики болот”, – деп болбой койбодубу” – деп, көзүнө жаш алганы жан дүйнөмдү сыздаткан эле. Кийин ажы абам уулунун кайгысын тартып жүрүп, зар какшаган тейден актыгына аттанып кете берди.
Аткаруучу: SUPER.KG ЖЧКсы, дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү 381. Буйрутма берүүчү: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер С.Жапаровдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан төлөндү. Нускасы: 1. Жарыяланган күнү: 16.12.2020-ж.