Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте ышка каршы марш өттү. Анда акциянын катышуучулары Эркиндик бульварынан "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө басышып, "Желимдерди жакпагыла", "Менин дем алгым келет", "Мен таза аба үчүн" деп кыйкырып жатышат.
Жүрүшкө болжол менен 100дөй жаран чыкты. Алардын арасынан депутат Каныбек Иманалиевди көрүүгө болот.