Садыр Жапаров окумуштуулар менен эмне үчүн жолукту?

Бул эч кандай талкуусу жок эле түшүнүктүү да... Анткени, илимдин экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң: бул пайдалуу кендерди казып алуунун жана аларды кайрадан иштетүүнүн жаңы технологияларын иштеп чыгуу, жогорку технологиялык жабдууларды жана эл керектөөчү товарларды өндүрүү. Андан тышкары, нано, био жана башка алдыңкы технологияларга жетишүү.

Садыр Жапаров албетте, Кыргызстандын окумуштууларынын алдына мындай деңгээлдеги милдеттерди койгон жок, себеби бизде анчалык ресустар жок, анын үстүнө бул жагынан алдыңкы мамлекеттерден кыйла артта да калып кеткенбиз (бирок ким билет, балким кандайдыр бир керемет болуп кетпесе). Ошенткени менен илим өзүнүн азыркы деңгээлинде айыл-чарба тармагында же тоо-кен казып алуу жаатында, башка тармактарда кандайдыр бир жаңы иштеп чыгууларды ишке ашыра алат. Мындай иштерди чынында эле жасаш керек болуп турат. Алдыда дүйнөлүк кризистин арааны ачылып келе жаткансыйт. Анын да кесепеттери бар дегендей, ага даярданыш керек эмеспи?!

Эске сала кетели, дүйнөлүк илимий практикада айрым бир тармактардын туруктуулук курамы орногон. Мисалы, анын эң туруксуз деп эсептелгендеринин бири: туризм.

Бул тармак аба ырайына, саясий туруктуулукка, башка жагдайларга көз каранды. Бул жыл туризм үчүн чынында пандемиядан улам ойдогудай болгон жок. Чек аралар жабылып, дүйнөлүк туризм тармагы таптакыр токтоду. Көптөгөн операторлор сызга отуруп калышты. Туризм экономикасынын маанилүү бөлүгүн түзгөн Түркия акыры баарына көз жумуп туруп, чек арасын конокторго кайрадан ачууга аргасыз болду.

Ылдыйдан санаганда, туруктуулугу тышкы таасирлерден көз каранды экинчи тармак – бул айыл-чарбасы. Бул аба ырайына, насыяларга, өсумдүктөрдүн жана жаныбарлардын оорусуна, рыноктун маанайына көз каранды.

Үчүнчү тармак – өнөр жай, казып алуучу тармак, транспорт, кыскасы реалдуу тармак: заводдор, фабрикалар. Булар аба ырайына көз каранды эмес. Саясий кырдаал, террорчулук жана башка анчалык деле катуу таасир этпейт.

Төртүнчү, кошумча нарктагы жогорку технологиялык тармактар. Муну элдин баары билет. Себеби, күн сайын спутникти, самолётторду, IT – тармагын ж.б. колдонбогон адамдар жокко эсе.

Бирок аба ырайына көз каранды болбогон да, киреше алып келе турган нерселер бар. Жөнөкөй мисал катары алсак, Кыргызстанга бир “Аэробус” сатып алганга канча төө буурчак же этти сатса болот? Баса, эске сала кетели, 90-жылдары Кыргызстанга корейлердин «Дэу» жана «Голд Стар» (кийинчерек LG болуп калды) сыяктуу ири компаниялары келишкен эле. Эгерде ошол кездеги кыргыздын аткаминерлери маселени чечип беребиз деп алардан акча талап кылбаганда, биз азыр автомобилдерди, турмуш-тиричилик техникаларын чыгарып отурмакпыз. Мен ошол кезде ТВда иштегендиктен, корейлик ишкерлерден маек алган элем. Алар: биз силердин өлкөңөргө өндүрүш ачалы деп атсак, кайра бизден акча талап кылып атышат деп жакаларын кармап, эстери оогон эле. Ошол маек эфирге да кетпей калды, автомобилдер менен турмуш-тиричилик техникасын болсо, эми Өзбекстанда чыгарып жатышат.

Окумуштуулардын алдына алда канча масштабдуу жана көп багыттуу милдеттер коюлганы түшүнүктүү. Адегенде илимдин жетишкендиктери айыл-чарбасын, энергетиканы, өнөр жайын колдоого албаса, муну башка эч ким натыйжалуу кылып колдой албайт. Экономикалык басымды акырындык менен туризм жана айыл-чарбасынан өндүрүштүн кошумча нарк жогору болгон реалдуу секторуна которуу керек. А балким, ким билет, мүмкүн супер жогорку технологиялуу фармакология тармагына которуу керектир? Бирок мында ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрдүн жардамысыз бир нерсеге жетишүү кыйын. Алар менен сүйлөшсө болот, анткени Кыргызстан Бажы биримдиги, ШКУ жана башка ушул сыяктуу бирикмелерге мүчө катары өз аймагында турат. Акчаны ушулар бербесе, калгандарынын баары жанагы ЛГБТ (кызтекелердин уюму) менен адам укуктарына, анда да коомдук уюмдарга берет экен.

Ошондо тышкы карыз деген мамлекеттин баш оорусу болбой калат, азыр бул көйгөйдүн масштабын чуулдатып татаалдаштырып атышпайбы.

Келечекке кызмат кылуунун алгачкы кадамдары – Садыр Жапаров бийликте турган кыска мөөнөт ичинде жасалды.

Реформа жооптуу чиновниктерди башкаруунун ийкемдүү, ыкчам, профессионалдуу механизмин түзүүгө тийиш. Окумуштуулар болсо Кыргызстандын келечектеги бакубат экономикасына алгачкы кадамдарды жасоого жардам берүүгө тийиш. Ага каалоо менен шык гана керек. Буга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Суу ресурстары боюнча Кыргызстан Борбор Азияда экинчи орунду ээлейт. Аймакта болсо энергия таңкыстыгы күч. Кыскасы, бийлик өлкөнү модернизациялоого олуттуу кирише баштагандай. Президентикке талапкер Садыр Жапаров экономикалык мунапысты чөнтөк толтуруу үчүн жарыялабаган чыгаар?!

Талант Джумабаев

Аткаруучу: "SUPER.KG"; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Жибек-Жолу көчөсү 381. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы:1. 2020-жылдын 21-декабрь күнү даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.12.2020-ж).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shabi
2020-12-22 17:13:39
Shabi,ошол сойку фанаттар,озунордун ойунар озунордун принцибинер жокпу,Ким кооз суйлосо ошонун фанаты болуп чыга келесинер,кочодогу сойкуларга акча толосон баарын кылып Берген сымал.Бетеге кетип бел калат,бектер кетип Эл калат дейт.биз карапайым Эл калабыз чондор келет кетет.бироонун фанаты болуп алып,анын терс жагын айткан адамдын баарын эле кыргыздын душамысынар дей бербегиле.сойку фанат болбогула.
+6
Asel69
2020-12-22 17:48:30
Эч качан саясатчыларды, молдолорду фанат тутпагыла. Алар бугун кооз суйлоп коюп, эртен жок.
-2
Tyty1990
2020-12-22 20:15:10
Asel69,сага окшоп арстан алайды кумир туталыбы
+1
Kitep
2020-12-22 18:34:49
Баарынан кызыгы деп коммент баштаптыр.ошондой эле сойку оппазиция адамдары да бар,акча берсе жамандап,жалаа жапкан.
+2
Assalomuallekum
2020-12-22 18:54:07
Мм
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан