Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова жаңы жылдык иш-чараларды өткөргөн ишкерлерди санитардык талаптарды сактоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-декабрда брифинг учурунда билдирди.
"Буга чейин республикалык штаб мамлекеттик органдарга жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынган. Ошол эле учурда жарандарга кайрылып кетет элем. Албетте бул иш-чараларды өткөрүш керек. Бирок ошону менен бирге жаңы жылдык иш-чараларды өткөрө турган ишкерлерге биздин жарандарды элди чогултуп жатканда аралыкты сактоону уюштуруп берүү талап кылынат. Саламаттыкты сактоо министрлиги бет каптарды, социалдык аралыкты сактоону сунуштайт", - деди ал.