Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер министр Артём Новиков 22-декабрда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Новиков бир катар инфраструктуралык, социалдык обьектилердин, ишканалардын иши менен таанышат.
Буга чейин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер министр жумушчу иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барып келген.