"Азыркы депутаттар эрден чыккан аялдай болуп калдык" дейт Рыскелди Момбеков

Азыркы парламенттин Конституцияны өзгөртүүгө моралдык укугу жок. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.

Учурда иштеп жаткан парламентти легитимдүү да, легитимсиз деп да айтса болот.

"Азыркы парламенттин мөөнөтү бүтүп, дөөлөтү түшүп калган. Баш мыйзамда "Жогорку Кенештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат" деп жазылган. Ал эми конституциялык мыйзамда "депутаттардын мөөнөтү кийинки чакырылыштын депутаттары ант берген күнү токтотулат" деп турат. Азыр 7-чакырылыштын депутаттары ант бере элек, ошондуктан биздин мөөнөт автоматтык түрдө узарды. Муну мыйзам боюнча легитимдүү деп да, легитимсиз деп да айтсак болот. Азыркы эл өкүлдөрү кемпири өлгөн чалдай же эрден чыккан аялдай болуп калдык. Анча-мынча алыбыз бар, анча-мынча жаныбыз бар. Венециялык комиссия, конституциялык палата бизди легитимдүү деп тааныды. Бирок баш мыйзамды өзгөртүү, референдум өткөрүү боюнча чечим кабыл алууга биздин моралдык укугубуз жок эле.

Эл эмнеге парламентке нааразы? Анткени биз элдин таламын талаша албай койдук. Жогорку Кеңеш президентти кетире алат, президент Жогорку Кеңешти кетире албайт. Бирок биздин депутаттар жада калса, президенттин аппарат жетекчисинен коркуп жатышпайбы.

Эмне үчүн легендарлуу парламент болгон? Анткени ар тармактын адамдары болгон. Ал учурда капчыгы калыңдар эмес, кадыры бийиктер депутат болушкан. Бара-бара банкирлер, базаркомдор парламентке кирип отуруп, 6-чакырылыш эң начар чакырылыш болду. Анткени бул парламенттин 90 пайызы жалаң байлардан куралды. Ал эми кийинки чакырылыш жалаң бандиттерден түзүлөт", - деди Момбеков.

Рыскелди Момбеков: “Бүгүнкү популисттер-эртеңки аферисттер“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Raihan0602
2020-12-27 12:11:57
Кимисине ишенээриңди да билбей калдык
+4
Nurik1988
2020-12-27 13:13:12
Ушуга чейин не кылдынар Момбеков, Садырдан коркуп ар декени Айтып каралап атасынар, артынар таза эмес силердин ошон учун ар жолдор менен караламай
+12
zam81
2020-12-27 13:31:28
Баарынарды чукуса экен элди ойлогон жоксунар
+9
JaneEr
2020-12-27 14:08:52
Эрден чыккан 5 балалуу аял болуп коруп,бю анан суйлочу дабдырабай.Акчага кооп тантырабай.
+5
ulua
2020-12-27 15:36:34
Силерге 30 жыл убакыт берип куттук, сабырыбыз тоодой Садырды да иштетип кутобуз, коп ойду тоону какылдаба, сенин тилин эде буудай кууруйт,ушу кезге чейин парламентте эч нерсе чече албай укугун жок болсо, жон гана кайрымдуулук кылып журсонда атын угат элек, озунордун гана жашоонордун , чонтогунорду ойлойсунар силер, пофигисттер! Чимкириктер башкаргыча бантдиттер башкарса мумкун, онолобузбу?!
+5
al-abu-kinesz
2020-12-27 16:33:43
Ошондо партиялык система болгону туура, бийлик депутаттардын колунда болуп бирок акчалуу билими жок депутаттардын айынан ушуга келдик деп дагы эле шылтоо издеп жанталашып атасынарбы? Пахта коюп, кошомат кылып, акча менен келгендер албетте огузум олбо арабам сынба деп балык болуп журо беришет. Ушул фактылар качантан бери кайталанып келет, ошон учун партия команда деген нерсени жок кылып бир мандаттуу кылса эн туура болот!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан