SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу экс-депутат Таалайбек Масабиров болду.
Ага "Былтыр парламенттик шайлоо алдында депутаттык мандатыңызды тапшыргансыз. Мөөнөтүңүз бүтө электе мандатыңызды тапшырганга эмне себеп болгон? Ордуңузду бошотуп берүү керек болду беле? Эмнеге мөөнөтүңүздүн аягына чейин чыккан жоксуз?" деген суроо берилди.
"5 жылдык мөөнөт бүткөн. Сентябрь айында кийинки шайлоого 1 ай калганда мандатымды тапшырып бердим. Биз партиянын тизмесинде көп добуш алган талапкерлер дагы бар эле. Биз партиянын, фракциянын лидери менен сүйлөшүп, Байгазы Кенжебаевге мандатым берилген. Бир, эки ай болсо дагы депутат катары элине берген убадаларын аткарсын деп орун бошотуп бергем", - дейт ал.