SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбооруна мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов конокко келди.
Ал аны чет элдик агент деп айтып жүргөндөр боюнча пикирин билдирди.
"Мени чет элдик агент деп ким чыгарды? Сооронбай Жээнбековдун укук коргоо органдары чыгарган. Кошунам менен кофе ичип отурган жерде сүрөткө тартып алышып, көрүнгөн сөздөрдү жазып алышып дүйнө жүзүнө белгилүү кылып бүтүштү. Чет мамлекеттин агенти болсом Садыр Жапаровду президент кылып алып келет белек? Ошондо азыркы президент кайсы мамлекеттин кызыкчылыгын колдоп жатат? Мага карата кара пиарлар колдонулган", - дейт ал.