Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын каарманы төкмө акын, обончу, аткаруучу Баян Акматов. Ал 1987-жылы 8-майда Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылында жарык дүйнөгө келген. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искуссвто университетинин “Салттуу музыка жана фольклор” кафедрасын бүтүргөн. Бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү.
“Апаке”
Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп.
Калкалап мээрим жамалың,
Карызмын сизге эселеп.
Кайгымды тарттың теңселип,
Карыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.
Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик.
Үмүттүн отун жандырган,
Үй ичин майрам шаң кылган.
Өмүргө бизди алып келген,
Апалар үчүн жан курман.
Өмүрдө канча арман бар,
Өзүң бар, бирок майрам бар.
Бейиш деп сенин таманың,
Белгилеп айткан пайгамбар!
"Жароокерим"
Жаным мен түшүнсөң өзгөрүлдүм,
Жашына тумчугуп көздөрүңдүн.
Арманым, майрамым өзүн болдуң,
Арасын байырлап сөздөрүмдүн.
Жароокерим, жашоодо даанакерим,
Тагдырдын жолдору тар экенин,
Таалайым үйрөттү таарынба деп,
Тагдырга баш ийүү бар экенин.
Сагындым, сагынбайт дебе жаным,
Санаага саласың неге жаным.
Кече албай дайраны албуутанган,
Чече албай кулпусун чек аранын.
"Асылзат"
Биз,үммөтүң, калагы жок кайыктай,
Ыйманынан алсыраган майыптай.
Сендей улуу нур кадырын биле албай,
Үммөтүңдүн жүрөгүндө айып бар.
Ай-жылдар закымдап,
Акырет жакындап.
Жүк болгон күнөөдөн,
Жүрөгүм лакылдап.
Карааның көрө албай,
Карегим жашылдап.
Каран күн башымда,
Кайдасың Асылзат?
Сен жок азыр күнөөлөргө чоң батып,
Сага зарбыз таба албайбыз жол катып,
Үмүтүмдү бир Аллага байладым,
Үммөтүңмүн деген кандай чоң бакыт.
Үмүтүмдү үмүт менен жамаймын,
Үйдө күтөм, сен келчүдөй караймын.
Кайдан-жайдан келээриңди шектенип,
Каалгамдын кыйчылдашын самаймын.
"Сүрөтчү кыз"
"Уу даамданган бал"
Кек сакташуу ачуу тура уудан да,
Керек насаат кемчиликти жууганга.
Санаамда бир орун алган окуя,
Сабак болсун кабарлашпас тууганга.
Сегиз уул кыз айылыбызда бар эле,
Семиртишип баккандары мал эле.
Апасына эркелешип баарысы,
Атакеси элден бөлөк жан эле.
Жаман айтпай бакыт тилеп бирөөгө,
Жалганыңда көп малынбай күнөөгө.
Уулдары бирден катын алышып,
А кыздары тийген болчу күйөөгө.
Ата сөзүн баары сыйлап угушту,
Апасына баары кызмат кылышты.
Опол тоодой атасынан сестенип,
Ошол үчүн ынтымакта турушту.
Ата-энеси бар кезинде гүлдөгөн,
Аалам өзү жарык тура күндө кең.
Өмүр сүрүп ата байкуш мал топтоп,
Өтүп кетти капыс жалган дүйнөдөн.
Мына ошондо кызык иштер башталды,
Келиндери көтөрүшүп баштарды.
Уугу кулап керегеси кыйшайып,
Уулдарын келиндери башкарды.
Уулдары катын көзүн карашты,
Апасынын жүзүн жерге каратты.
Ага-ини деген сыйды унутуп,
Ата жыйган, мал дүйнөнү талашты.
Жаман аял жаман эрге жарашты,
Жалган байлык көңүлдөрдү канатты.
Атаганат, туугандан мал артыкпы,
Алсыздарын алдуулары сабашты.
Ата байкуш чоңойтту эле асырап,
Ал тирүүңдө жашашты эле чатырап.
Серт жыландай катындарын угушуп,
Сегиз жакта сегиз уул кыз чачырап.
Бөтөн-бөтөн үй жайларга конушту,
Бөлөк-бөлөк туугандардай болушту.
Уул үйлөп, келин алып той берип,
Ушундай да катташпай да коюшту.
Саламдашпай жолукканда жан кейип,
Сан жылдарга кектешкендей жан көрүп.
Эссиз күндөр айлар өтүп кокустан,
Эң кенжеси ажал тапты жан берип.
Сезимдерин үзгөн эле бычактап,
Сегиз тууган баары келди бышактап.
Эстен танып ыйлап жатты баарысы,
Эң кенженин башын жөлөп кучактап.
Эң кенженин дурус болчу аялы,
Эчкирүүдөн бырыш басып кабагы.
Силер үчүн жолдошумдун өлөөрдө,
Калтырган кат бар эле дейт саламы.
Катты кармап бир туугандар чочуду,
Кайгысынан кат тыңшоого жоошуду.
Кат кармаган назик колу титиреп,
Эң кенженин колуктусу окуду.
Агаларым эжелер кош калгыла!
Айтып келбес ажал башта бар мына.
Кокус менден талашсаңар айтайын,
Короодо кой, уй жылкылар мал мына.
Атакемди акыретке кетирип,
Апамды да чырмадыңар кайгыга.
Кичинекей акыл жокпу силерде,
Кичүүлүктөн айта албадым айбыга.
Оо туугандар, мен өлгөндө келдиңер,
Ооруп жатсам бир сурабай алды да,
Желкесине минип агаларымдын,
Жеңелерим миң азапка салды да.
Алгыла бүт унаа, короо тамды да,
Ал аз болсо жанымдагы жарды да.
Капарга албай тирүүмдө баарыңар,
Катка кулак өлгөнүмдө салгыла.
Өмүрдөгү мал дүйнөгө кызыкпай,
Өлүп жаткан менден үлгү алгыла.
Окуп бүтүп бир чыңырды эшилип,
Ой санаага жүрөк байкуш тешилип.
Алыс жакта айылдаштар молодой,
А туугандар эңшерилди жешилип.
Катты окуса кара чынжыр чечилип,
Кара ниет ойлорун бүт кетирип.
Өмүр кымбат короо-короо мал эмес,
Өлгөндөн соң жолукпайлы кечигип!
Көңүл кымбат жашыл акча там эмес,
Көмгөндөн соң жолукпайлы кечигип!