Биз социалдык тармакта

Эльвира Сурабалдиева: "Мектептерге жыныстык маданият сабагын киргизүү керек"

Вице-премьер-министрлер Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана анын алдын алуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Эльвира Сурабалдиева үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселесин комплекстүү кароо керек экендигин кошумчалады.

"Учурда мектеп программасына жыныстык маданият сабагын киргизүү керек. Жаш муун туура маалымат алуусу зарыл. Балдар Интернет тармагына эркин жеткиликтүүлүккө байланыштуу ишенимсиз булактардан ар түрдүү маалыматтарга ээ болушат. Белгилүү чыпкалардын жоктугунан 15 жашар өспүрүмдөр порнографиялык материалдарга жеткиликтүүлүк ала алат. Бул маселени чечүү керек", - деди Сурабалдиева.

Аялдар жана балдарга карата зомбулук жана катаал мамилелердин алдын алуу максатында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде – 111, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде – 112 жана Акыйкатчы аппаратында – 115 кызматы иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
NURSAPAR
2020-12-30 14:32:32
Өзүң үйүңдө балдарыңды окта бер соросята
+4
Baduu88
2020-12-30 20:58:55
NURSAPAR, туура айтасын, озу балдарыга уйудо окута берсин, биздин балдарга кереги жок.
+5
Tyty1990
2020-12-30 14:37:06
Жыныстан башка нерсе таппай калдыңарбы
+5
Shabi
2020-12-30 14:58:34
Эн туура ошондой сабак болушу керек,бизде бир жаман адат бар да кыргыздын менталитетине туура келбейт,жаш балдарга жыныстык темасында суйлошпоо керек деген.мына ошондуктан эртенки осуп келе жаткан 15 16жаштагы кыздар бойунан бутуп аборт коп болуп баратат.себеби ал нерсе жонундо эчким айткан эмес,эмненин туура,эмненин туура эмес экенин айткан Адам болгон эмес.Биз кыргызбыз бизге болбойт деп эле жата берген болбойт,эшикте 21-кылым .Ал бетте озубуздун да кээ-бир баалуулуктарыбызды сакташыбыз керек.
+4
joroo
2020-12-30 21:11:36
Shabi,сен кыздарына ошондой сабак от балдар менен жатсан деп презерватив сатып алып бер
+4
Liliia
2020-12-30 15:14:49
оа менталитетке туура келбейт дегенибиз менен телефону бар 5-6 жаштагы балдар корот экен порновидеолорду. 2-класстагы балам бир нерселерди суйлоп келиптир оозум ошту карап калды угуп (балдарым согунгонду билишпейт эле)алып каяктан уктун каерден кордун десем кошунанын 6жаштагы баласы видео коюп бериптир двордо ойноп жургон балдарды чогултуп. Ата энеси миллиция еще
0
nazira...
2020-12-30 16:55:35
Илгеркидей эле кыздарды балдарды бөлүп туруп женсовет, мужсовет дегендер неделясына 1 эле жолу сабак окутуп,кулагына катуу куюп койсо эле болду. 1 жылда же 6 айда бир жолу ата энелери менен бирге сабак өтүп койсо анда өтө сонун болот. А то.контроль ата энеден башталат да.
+8
Eden-Hazard
2020-12-30 19:52:36
Заманга ылайык туура чечим
-3
zam81
2020-12-30 20:59:07
Бизде баары открытьый Ким кааласа кире берет 18 жаштан ойдо же платны кылып койуш керек балдарыбыздын баарында телефон коро беретда
-1
Nursul
2020-12-30 21:06:54
Бир караганда туура эле нарагында жок балабы кызбы ал сабакка да карабай эле болуп койот. Бизде эң биринчи интернет сайттарды көзөмөлдөө керек бизде интернет сайттардын баары ачык порно видеолорду көрүп жатышат ушундай жаман сайттарды жабыш керек азыр балдар интернет менен неге кирип атканын эч ким билбейт интернетти да чектөө керек эртең менен саат 7,8 дерде ачып кечки 9,10 дордо жаап салыш керек антпесе көп өспүрүмдөр уктабай интернет менен болуп калышты
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан