Поэтерапия: "Жылмайыңкы күлүп мени караган, Жарым болчу түштүк кызы садагам"

SUPER.KG порталынын Поэтерапия рубрикасынын бул жолку коногу - бир нече тилде ыр жазган Мирбек Эркинов. Каарманыбыз келеминен жаралган ырлардын жаралуу тарыхы жөнүндө баяндап бермекчи.

Мирбек Эркинов Ош облусунун Ноокат районундагы Муркут айылында 1993-жылы 21-февралда жарык дүйнөгө келген. Учурда Ош Мамлекеттик университетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу. Көптөгөн поэзия боюнча кароо-сынактардын лауреаты, Жолон Мамытовдун элесине арналган ыр-сынактын жеңүүчүсү, "Ырбакча" китебинин автору. Кыргыз, орус, англис тилдеринде да ыр жазат.

АПАКЕБАЙ

Бизди деп канча түйшүк чектиң убай,
Билгизбей кыйналсаң да келдиң чыдай.
Бир күндүк мээнетиңди актай алсам,
Бейишимдин ачкычы сиз апакебай.

Жашоодо жолум таппай буйдалганда,
Жанымда сиз болосуз кыйналганда.
Жарык шамым, берекем, жаным апам,
Жакшылыгым көрүңүзчү бул жалганда.

Бир шайтандын тузагына ыктай калсам,
Байлык деп ач көздүктөн чыкпай калсам.
Балаңыздын катасын кечириңиз,
Барк албай сөзүңүздү укпай калсам.

Көрөгөч да акылман жан экенсиз,
Көөдөнүндө оту өчпөс шам экенсиз.
Кайратымдан жанбаймын кубаттанам,
Канткенде да сиз жанымда бар экенсиз.

Көзүңүздөн сүйүнүчтү көрөйүнчү,
Кубанычка сизди мен бөлөйүнчү.
Кучакташып жытыңыздан тоё жыттап,
Келчи апа жүзүңүздөн өбөйүнчү!

"Апакебай" деген ырымдын таржымалына токтолсок - бул ыр баштан кыйын күндөр өткөндө жаралган. Апамдай кайраттуу, сабырдуу, көрөгөч адам жок экенине дагы бир жолу ынандым. Апа бардык нерсени жон териси менен сезет экен. Деги эле ата-эне бизге жамандык каалабайт. Ошондуктан ата-эненин айтканын уккан бала туура жолдо болот деп ойлойм. Башка жаштарга да кеңешим кандай иш болбосун ата-эненин ыраазычылыгын, насаатын угуп жашаганда ишиңер оңунан чыгат жана берекелүү болот.

АЙЫЛ КЕРЕМЕТИ

Айылда өмүр сүрсөң кандай жыргал,
Таң менен короз үнү күндө бир маал.
Апакем ак тандырга жапкан нанга,
Сыйпасам кандай таттуу бир сүртүм бал!

Багымда бышып турса алма-өрүк,
Жебестен тура аламбы аны көрүп.
Түгөнбөс берекелүү түшүм алып,
Түгөтүп бүтө албайсың баарын терип!

Жазында гүлдөр жайнап айланага,
Ырахат айыл жери кандай гана!
Булактын суусун ичсең моокум канып,

Бал жуткан өңдүү жагат таңдайга да!

Айылдын керемети көз талдырат,
Асманы жылдыз толгон суктандырат.
Айласыз сагынганда жүрөк эңсеп,
Акынды төрт сап ырга шыктандырат.

"Айыл керемети" деген ырым бул дагы чет жерде эмгектенип жүргөндө жаралган. Айылды, тууган жерге болгон сагынуу, кусалыкты ушул ырда айтып берүүгө аракет кылгам. Ошондой эле балалык бактылуу ирмемдер айылда өткөндүктөн, бул ырды ар дайым окуганымда маанайым көтөрүлөт.

ТҮШТҮК КЫЗЫ

Жылмайыңкы күлүп мени караган,
Жарым болчу түштүк кызы садагам.
Жаным акооу десен жүрөк эритип,
Жалдыратпай болоюнчу жан агаң.

Аш демдесең бийи алма кошулган,
Алтыным деп мен да жарам отундан.
Сиз десең ай, тыз дей түшөт жүрөгүм,
Бир ишиңди мен алайын колуңдан.

Аштан алың деп акырын ийилсең,
Ардагым деп аштан сага жедирсем.
Акам кайда кетти экен деп издесең,
Атайын мен арткы үйгө бекинсем.

Курсак деймин кут орногон үй-бүлө,
Сен тың келин, а мен болсо шок күйөө!
Балдарыбыз шаңга бөлөп үй ичин,

Балкысак биз бакыт менен күлкүгө!

"Түштүк кызы" деген ырым 2017-жылы жай айларында жазылган. Анда Түркияда иштеп жүргөм. Кесиптеш түрк кыздар менден кичүү болсо да "сен" деп сүйлөшчү. Аларда конокторго жана жетекчисине гана "сиз" деп сүйлөшөт. Башка адамдарга жашы чоң болсо да сен деп кайрылышат жана улууларга унаа жүргүнчүлөрү орун бербейт экен. Бул мага өөн учураган. Ошондо өзүбүздүн кичи пейил, жароокер түштүк кыздарына арнап жазылган ыр. Ошондой эле биздин кыздар тамакты сонун жасайт эмеспи.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bikosh2015
2021-01-01 14:41:42
Ырына гап йок аяш ука.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан