Президенттикке талапкерлердин биринин жубайы ири алдамчылыкка шектелип жатканын бүгүн, 7-январда УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдаган. Бул маалымат чыгары менен коомчулук шектелип жаткан жаран кайсы талапкердин келинчеги болду экен деп талапкердин ысымынын ачыкталуусуна кызыгып жаткан.
Алдамчылыкка шектелип жаткан жаран ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы экенин SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Бирок Курсан Асанов өзү бул маалыматты тастыктай элек.