Шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга чейин жүргүзүлөт

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады. Эртең,15-декабрдан баштап шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрдан 2021-жылдын 9-январына чейин жүргүзүлөрүн билдиргени маалымдалат.

Үгүт иштерин жүргүзүүдө талапкерлер, жана алардын өкүлдөрү "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамынын талаптарын так аткаруу менен жүргүзүү керек. Шайлоо алдындагы үгүт иштери төмөндөгүдөй жүргүзүлөрү белгиленет:

    • Үгүт иштерине байланыштуу шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык өтүшү керек. Талапкер, талапкерлердин штабы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочуларды керектүү коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, жолугушуу ачык жерде болбосо бөлмөнүн ичин мезгил-мезгил менен желдетип туруу, жолугушуу бүткөн соң ал жерди дезинфекциялоо талап кылынат.
    • Мындан сырткары кайсы бир талапкерлерге артыкчылык көрсөтүлүп жаткандыгы аныкталса ,анда жер-жерлерде аймактык шайлоо комиссиясыларынын алдында түзүлгөн шайлоо алдындагы үгүт иштерин көзөмөлдөөчү жана ыкчам чара көрүү топторуна шайлоо процессинин катышуучулары кайрылса болот;
    • Шайлоо алдындагы үгүт иштери эртең, 15-декабрдан баштап 9-январь эртең мененки саат 08:00гө чейин жүргүзүлөт;

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан