Биз социалдык тармакта

Өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүм тосмо арыз жазганын жактоочу айтып чыкты

Токмоктогу өгөй атасы тарабынан зордукталды делген 15 жаштагы өспүрүмдү социалдык коргоо кызматкерлери өгөй атасынын апасына алып барышкан. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкадыров билдирди.

Жактоочу өспүрүм өгөй атасынын апасы жана өз апасы менен жолуккандан кийин тосмо арыз жазарын билдиргенин айтат.

"Кыз Токмок шаарынын социалдык коргоо кызматкерлери менен бир аз убакыт болгондон кийин ошол эле кызматкерлер тарабынан өгөй атасынын апасына жеткирилген. Ошол эле маалда кыздын өзүнүн таенеси менен таежеси аны өздөрү менен алып кетүүнү каалашкан. Бирок социалдык коргоо кызматына өгөй атасынын апасы жакыныраак сезилиптир.

Андан кийин өспүрүм өз апасына барат. Аны менен жолуккандан кийин кыз тосмо арыз жазгысы келип жатат. Тергөөчүгө: "Ооба, өгөй атам зордуктаган. Бирок баары бир тосмо арыз жазам" деп жооп берди. Буга карата тергөөчү бул оор кылмыш болгондуктан тосмо арыз эч кандай таасир бербей турганын түшүндүрдү", - дейт жактоочу.

Мындан тышкары жактоочу "Эмне себептен кызды өгөй атасынын апасына алып барышкан? Эмне себептен кызды кылмыштын катышуучусу болгон апасына жиберишти?", - деген суроолорго жооп таппай жатканын айткан.

Окуянын чоо-жайы:

19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин жактоочу билдирген.

Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.

SUPER.KG порталы кыздын таежеси Гүлзада Сарукевага барганда, ал өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санаганын айтып окуя тууралуу баяндап берген болчу.

Кийин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кыз убактылуу таенесине берилерин кабарлаган.

Андан кийин өспүрүм кыз Республикалык психикалык ден соолук борборуна жаткырылып, дарыланып жатканы маалымдалган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asyl.jazi
2021-01-05 06:29:29
Ыйман ынсап бере коргун Жаратканым.
0
nazira...
2021-01-05 08:20:56
Ал эмнеси өгөй атасынын апасында бок барбы, таежелери не деп атат. Кызык адамдвр экен, апасынын акмактыгынан келип чыгып атат ушунун баары. Бечара кызга жалко. Апасын текшертип көрүш керек нормальная эле бекен, дагы не кылайын деп атат кызын. Кудайым балдарды жамандыктардан коргоп, бактылуу балалык бер.
+1
Kadyrova_
2021-01-05 09:25:22
Кудай ай бирөөго зар,бирөөгө кор дүйнө экенда.Аллахым ар бир жараткан пендесинин жүрөгүнө ыйман бере көр.менин ойумча таенелери бага албайт окшойт анда болбосо кызды дед домго эле тапшырышпайбы,Ал зоокүр ата сөрөйү кылыгын кайра кылатта кайра барса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан