Президенттин милдетин аткаруучу экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 23-декабрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Бул мыйзам республикалык бюджетте тартыштык орун алган мезгилде мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата ишкердик ишин жүргүзгөн субъекттерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө максатында, ошондой эле коронавирус инфекциясы (COVID-19) жайылган шартта түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарга карата гумандуу мамиле кылуу үчүн даярдалганы белгиленет.

"Көпчүлүк социалдык изилдөөлөр ырастагандай, камак жайларындагы бөтөнчө субмаданият адамдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизип, соттолгон адамды түзөтүү жагынан иш жүзүндө натыйжалуу жыйынтык бербей, тескерисинче, алардын социалдык коомдо стигматизацияланышына алып келет. Ушуга байланыштуу сунушталган ченемдер күнөөсүн моюнуна алган жана келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга коомдон обочолотпоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган", - деп жазылат мыйзамда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан