Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазды

Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына мурдагы депутат Равшан Жээнбеков арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын жараны, 1970-жылы 19-сентябрда төрөлгөн Жээнбеков Равшан Бабырбекович Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна өзүн көрсөтүү үчүн БШКга арыз менен кайрылды", - деп жазылган билдирүүдө.

Равшан Жээнбеков менен президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазгандардын тизмеси 42ге жетти. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан