Добуш берүү үчүн 2 миң 474 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
"Добуш берүү үчүн 2 миң 474 шайлоо тилкеси түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси республика аймагында, чет мамлекетте дагы түзүлгөн. Түштүк Сахалиндеги шайлоо тилкелеринде добуш берүү Бишкектин сааты менен түнкү саат 3:00дөн баштап жүргүзүлүүдө", - деди ал.