Ырчы Курал Чокоев чуу жараткан долбоорун тартууну токтоторун айтып, тарыхый күндү негатив менен баштабоого чакырды

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылды. Көпчүлүгү ырчынын долбоору улантылбашы керек деген пикирлерин айтып чыгышты.

Бүгүн, 10-январда Курал Чокоев долбоорду тартууну токтоторун айтып, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн билдирди.

"Урматтуу туугандар, долбоор тууралуу көптөгөн пикирлер айтылып, көбү терс болду. Сиздердин ой-пикириңиздер мен үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан долбоорду тартууну токтотуп, видеолорду өчүрөбүз. Бүгүнкү тарыхый күндү негатив менен баштабай, шайлоого катышып, татыктуусун тандайлы", - дейт ал.

Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирди.

Ал эми "Марал" радиосу Курал Чокоев, "Кыргыз" радиосу Курал мырза жана Кайрат Примбердиев менен иштешүүнү токтотуп, ырларын уктурбай турганын жарыялашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
heaven2016
2021-01-10 11:25:13
Баштабоо
0
nazira...
2021-01-10 11:47:57
Эми не деп атат, бая эле уланта берем, көрбөй эле койгула деп атпады беле. Берки коделек кайраты көрүнбөйт го калянщик. Ириген ооздон чириген сөз чыгат деген туура экен. Баарибир чириген бала экенин көрүнүп турат.
+1
gulam
2021-01-10 11:52:16
Буларды ташбаранга салып уруп олтуруу керек
0
Alixan-Nookat.2015
2021-01-10 13:33:48
Булардын ырларын баардык теледен, радиодон алып салыш керек концерт койгонго тыюу салуу керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан