Садыр Жапаров таза шайлоо өткөрүүгө убада берди

10-январда өлкөдө өткөн президенттик шайлоо таза өттү жана мындан кийинки шайлоолор дагы таза өтөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Россия 24" телеканалына берген маегинде айтты.

"Президенттик шайлоо өтө ачык-айкын жана таза өттү, муну байкасаңыздар керек. Биз парламенттик шайлоого да административдик кысым көрсөтпөстөн, пара талап кылбастан, мыйзам чегинде таза өтүшү үчүн бара жатабыз. Ал эми административдик ресурстарды колдонгондо же паракорчулукту уюштурганда нааразычылык жана элдик толкундоолор башталат. Биз аны үч жолу көрдүк.

30 жылдын ичинде эл үч жолу революция жасады. Келечекте биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан таза шайлоо өткөрүүгө убада берем", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан