"Лондондогудай спорт академиясын Кыргыз өлкөсүндө ачам" дейт Улуу Британияда машыккан Кыргыз жараны

SUPER.KG порталы чет өлкөдө окуп, иштеп жаткан мекендештердин учурдагы абалы, аталган өлкөдөн алган таасирлери тууралуу баяндоону улантат. Бүгүнкү каарманыбыз 21 жаштагы Санжар Болотбек уулу. Ал учурда Улуу Британиянын Лондон шаарында жашап, машыгып жана эмгектенип келет. Каарманыбыз аталган өлкөдөн алган таасирлери, кызыктуу окуялар, алдыга койгон максаттары тууралуу өзү баяндап берди.

- Мен кичине кезимде бокска аябай кызыкчумун. Жиу-житсу спортуна келүүмдүн себеби 2014-жылы досторум менен бокс залына бардым. Ошол күнү спорттун грэпплинг түрүн көрүп кызыгуум башталды. Бул спортто жүргөнүмө жети жылдын жүзү болду.

2015-2016-жылдары Кыргыз өлкөсүндө болгон биринчиликтерде жана башка турнирлерден ийгилик жараттым. 2017-жылы өзүмдүн техникамды өнүктүрүш үчүн Түркия мамлекетине барып иштеп, машыгып эмгектендим. Түркияда бир жыл иштеп, анда соң чоң аренага чыккым келди.

2018-жылы Чехия мамлекетинин Острава шаарында Комбат жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугу болду. Тилекке каршы, ал жактан Түркмөнстандык балбанга утулуп калдым, ошондо Алмаз Акун байкебиз келип, ар бир утулганың стимул болот деп айткандан кийин аябай чыйрыгып аракет кылып баштадым. Ошол жылы декабрь айында Берлин шаарында IBJJF Open Berlin турниринде экинчи орунга ээ болдум.

2019-жылы досум экөөбүз Португалия, Порту шаарына чакыруу алып, учуп бардык. Тилекке каршы, ортодон акчабызды жоготуп бул шаардан кетүүгө туура келди. Биздин чөнтөгүбүздө болгону 70 евро бар эле. Биз ушул акча менен Щвеция, Стокгольм шаарына бардык. Ал жактан Кыргыз туугандарга кездештик.

Кыргыз туугандар жардамы менен 2 ай машыгуу лагерин жүргүзүп келдик. Бир четинен 70 евро менен көп Европа өлкөлөрүн көрүп келдик десем болот. 2019-жылы Лондон шаарына келгем, аэропорттон күткөн адам жок, эч кимди тааныбай келгем. Акырындан аракет кылып кыргыздарды издеп таптым. Бул жакта кыргыздар аябай ынтымактуу, бири-бирине жардамын аябайт, учурдан пайдаланып Эрмек жана Мурат байкелериме рахмат айтам. Кээде Кыргыз өлкөсүн сагынганда кыргыздар болуп чогулуп, сүйлөшүп отуруп калабыз, кичине болсо да сагыныч тарап калат.

Бул жакта эмгектенгендер, окугандар аз эмес. Лондон аябай кымбат шаар, бирок кооз жана таза, албетте, Кыргызстанга жетпейт, кантсе да “туулган жердин топурагы алтын”. Азыркы учурда Carlson Grace London академиясына машыгам. 2019-жылы жакшы жылдардан болду деп эсептейм, анткени 6 турнирге катышып, 7 алтын медаль алганга жетиштим.

Биздин жиу-житсу академиясында дискриминация жок, бардыгы ынтымактуу жана колдоо көрсөтүп турат. 2020-жылы көптөгөн пландар жана максаттарым бар болчу, тилекке каршы, вирустун айынан көп спорт ассоциациялар жабылды. Бирок бул жылы дагы ойлогон максаттарыбыз чоң, дүйнө жүзүндө алдыңкы орунда турган организациялардын бири Polaris professional менен келишим түзгүм келет. Бул организацияда дүйнө жүзүндөгү мыкты грэпплинг жылдыздары көп жана биздин залда Polaris'тин чемпиондору дагы машыгат.

Азырынча бул организацияда Кыргыз спортчуларынан жок. Буюрса, биринчи кыргыз болуп келишим түзөм деген үмүттөмүн. Жиу-житсу спорту Кыргыз өлкөсүндө эми гана өнүгүп келе жатат. Акыркы жылдары бул спорт түрүндө биздин спортчулар жакшы ийгиликтерге жетишип жатат, ал бизди абдан кубандырат. 2018-жылы биринчи жолу жиу-житсу спорту Азия оюндарына кирди, анда биздин балбандар жакшы ийгиликтерге жетишти. Кийинки Азия оюндары Кытайда болот деп жатышат, буюрса, Азия оюндарына жана Азия чемпионаттарына катышам деген ниетим бар.

Азыркы учурда машыгып жаткан Carlson Grace академиясын Кыргыз өлкөсүндө ачуу чоң максатым бар. Ал үчүн кара кур болгон жакшы деп ойлойм, азыр кызгылт көк курдун ээсимин. Кудай буюрса, Кыргыз спортуна мындан дагы жакшы көңүл бурулат деп ойлойм. Негизи биздин кыргыз элибиз кандай гана спорттун түрү болбосун, аябай жакшы көрүп колдошот. Келечекте Кыргызстан деген өлкө алдыңкы мамлекеттерден болот деген үмүтүбүз чоң.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZALKARBEK.84
2021-01-15 13:20:18
Азаматсың тууган, ишиңе ийгилик.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан