Депутат Айсулуу Мамашова алдыдагы пландары жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.
"Менин бир нече пландарым бар болчу. Бүтүрө албай калган чоң мыйзамдарды аягына чыгаруу керек деген ой менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына бараткам. Бүгүнкү күндө 6-чакырылыштын аягына чейин мыйзамдарды бүтүрүп калсам, аларды ишке ашырсам балким шайлоого барбай калышым мүмкүн", - деди ал.