SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев болду. Ал басып өткөн жолун жана келечектеги пландары тууралуу кеңири маек куруп берди.
Айтымында, вице-мэр болушуна, китеп жазып чыгаруусуна дагы жубайы себеп болгон.
"1998-жылы тоодо мал чарбачылыгы менен алектенчүмүн, ошол учурда жубайым катуу ооруп калды. Ошол себептен биз Бишкекке келип калдык. Аялым ооруканада жатып калганда мен ар кандай жумуштарда иштегенге туура келди. Базарга чыктым, гезит саттым. Аны сатып жүрүп жакшы адамдар менен таанышып калдым, бизнеске өтүп кеттим. Мен убагында базарда гезит сатып жүргөнүмдү досторум билет.
Келинчегим Улуттук онкология борборунда жатып, бир жылдан кийин каза болуп калды. Ошондо ооруканадагы керебеттин башында жалгыз эле сүрөтүм калыптыр. Ошол келинчегиме арнап, "Жалгыз сүрөт" деген аталыштагы китеп жазгам. Келинчегим ооруканада жатканда ар дайым "мен көрбөгөн жакшылыкты Жамал көрсүн" деп дуба кылчу, келинчегимдин ошол дубасы ушул күнгө жеткирди", - деди Ырсалиев.