SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу акыйкатчы Токон Мамытов болду.
Ага "Сизди айрым депутаттар бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз деп сындады эле. Ошондо чын эле бийликчил акыйкатчы болдуңуз беле? Азыр дагы бийликчил акыйкатчысызбы?" деген суроо берилди.
"Чынын айтканда, акыйкатчы болгондон баштап президент, премьер-министр, депутаттар менен аз жолугуп баштагам. Аларга эмнени айтмак элем? Алар "сизди ишенип ошол кызматка койдук" деп айтышат да. Мага бирөө-жарым чалып, минтип айтып кой деп айткан эмес. Мен өмүр бою чиновник болуп жүрдүм. Анан башка чапан кийип алганда ыңгайсыз сезесиң да. Укук коргоо органынын кызматкериндей болуп жүрсөм керек. Мен өмүр бою бийликтин адамы болдум да. Туура эле айтышты мен бийликтин адамымын. Мен ошол менен макулмун", - дейт ал.