"Бишкекти каптаган кара түтүн маселеси боюнча жазында ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге 3 жолу киргем" деп Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда билдирди.
"Кара түтүн боюнча Жогорку Кеңеш бир жыл мурун атайын токтом кабыл алган. Ал аткарылса кара түтүн кичине болсо да азаймак. Шайлоо болуп кетти, коронавирус илдети пайда болду.
Бирок коронавирус илдети биздин өлкөгө келе электе жазында ошол кездеги премьер-министр Абылгазиевге үч жолу киргем. Азыртадан баштап чараларды көрүү керектигин, кийинки жылы мындан да жаман болорун айткам. Ал киши өзү дагы иштей албай койду, башкаларды дагы иштеткен жок. Токтомдун бир дагы пункту аткарылган эмес экен. Азыркы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков менен чогуу тоонун үстүнөн шаарды карап келип, бир топ тапшырмаларды бергенбиз", - деди ал.