Жылдызкан Жолдошева: "Саясатта досторум жок. 30 жаштан кийин тапкан досторду санаалаш деп айтса болот"

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.

"Саясатта достук жок деп айтышат. Бирок сиздин бул жаатта сырыңызды айтып, бөлүшө алган аял саясатчы досторунуз барбы?" деген суроо берилди.

"Саясатта досторум жок. Бишкекте эки досум бар. Бири жөнөкөй дарыгер, экинчиси мугалим болуп иштейт. Ошто 4 досум бар. Кечээ бир досумду жоготтум. Мага күн оор болду. 30 жаштан ашкандан кийин тапкан досторду санаалаш деп айтса туура болот", - деп жооп берди экс-депутат.

Жылдызкан Жолдошева: "Садыр Жапаровду колдогондор душман, каматкандар дос болуп калды"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-09-11 17:44:27
Ушул катында жакпай калды.
+2
TIMON_BERKOWITZ
2021-09-11 21:03:11
Садырга катуу таарынды го, АША Сокеге таарынгандай болуп)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан