Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-январь күнү болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында кызматкерлер Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы стационардык постто нөөмөттө турушкан. Аларга Урмат аттуу жигит кайрылып, төрөт үйүнө жетпей калганын, машинада аялынын толгоосу башталганын айтып жардам сураган.
"Инспекторлор келинди унаанын ичинде төрөтүп, андан соң патрулдук машинанын коштоосунда Чүй облустук ооруканасына барышкан. Аман-эсен көз жарган келин жана анын жолдошу жардам бергени үчүн инспекторлорго ыраазычылык билдиришкен. Учурда эне-баланын саламаттыгы жакшы жана төрөт үйүнөн чыгарылды",- деп жазылат маалыматта.