Бүгүн, 18-январда Орусияга болгон авиакаттамдардын жандануусу боюнча маалымат жыйын өттү.
Жыйынга Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев жана аэропорттогу каттамдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Карим Усманов катышты.
Анда баалардын көзөмөлдөнүшү жана авиакаттамдар боюнча маалымат берилди.
Шаршеев Жарандык авиация агенттиги билеттердин баасын коюуга тиешеси жоктугун билдирди.
Айтымында билет баасын авиакомпаниялар өз ара атаандаштыктын негизинде коет.
“Кыргыз авиакомпаниялар билеттин баасын эконом класста 32-33 миңден сатат. Ал эми Орусия тарап 50 миң сомдон ашык сатпайт. Бизнес класста билеттин баасы 70 миңден 300 миңге чейин сатылат", - деди Шаршеев.