Бүгүн, 18-январда Бишкек шаарындагы мектептерде окуучуларды кадимки тартипте окутуу режими башталды. Шаардык мэрия алгач эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүү максатында 1-5-9-11-класстын окуучуларына гана мектепке барып, офлайн окууга уруксат беришти. Шаардагы канча мектеп салттуу окутууну баштаганын, окуучулар үчүн кандай талаптар коюлгандыгын шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгына байлынышып сурап көрдүк.
"Бүгүн борбор калаадагы жалпы 97 мектепте окуучуларды салттуу окутуу башталды. Мектептерге 1-5-9-11-класстын окуучулары этабы менен келишти. 4 класстын окуучуларын гана окутуп жатканыбыз - шаарыбызда окуучулардын жыштыгы абдан тыгыз болгондуктан, 2 нөөмөт менен окутабыз. Ар бир классты эки тайпага бөлүп, дистанциялык аралыкты сактап, баары бет кап кийип отурушат. Ар бир мектептин кире бериш жеринде дезинфекциялык килемчелер, санитайзерлер коюлду. Ушул эрежелер сакталууда.
Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген нускамалардын баары мугалимдерге, ата-энелерге, окуучуларга да берилди.
Эгер эпидемиологиялык кырдаал жакшырса, дагы башка класстын окуучуларын салттуу окутууга этабы менен өткөрөбүз. Мугалимдердин баары эле жумушка чыкты. Бишкек шаарында 7 миң 200дөй мугалим эмгектенет.
Азыркы учурда кадимки режимде окуп жаткан окуучулардын жалпы саны такталууда", - деди Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын бөлүм жетекчиси Гүлмира Ахматова.